- 3-ноябрда Бишкектеги 7-кичи райондо суу берүү убактылуу токтотулат. Мэриядан билдиришкендей, бул күнү саат 10:00дөн 22:00гө чейин турак жай, мектеп, бала бакча, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Өчүрүү району 7-кичи райондогу № 33, 34, 34/1, 35, 36, 37, 38, 38/1, 39, 40, 41, 43, 5Б даректерин камтыйт. Суу диаметри 100 мм болгон суу түтүгүндө оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу суу берүү убактылуу берилбейт.
- Бишкектин чыгыш айланма жолун 2027-жылдын май айында пайдаланууга берүү пландалууда. Бул тууралуу «Тез Жол» ЖЧКсынын жетекчиси Русланбек Кайымбаев журналисттерге билдирди. Анын айтымында, жолдун курулушу 2025-жылдын декабрь айында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорунун алкагында башталган. Долбоорго жалпы 81,6 млн доллар инвестиция салынат.
- Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, Кашка-Суу кичи районундагы шаарча 12 гектар аянтты ээлейт. Анда 275 орундуу спорт интернаты, 5 миң көрүүчүгө ылайыкталган көп функционалдуу спорт комплекси, олимпиадалык стандарттагы бассейн жана 200 орундуу мейманкана курулат. Долбоор Турукташтыруу фондунун эсебинен каржыланууда.
Автор: Диана Дуйшоналиева