- Кыргызстанда сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекциялар менен жума сайын 7 миңге чейин учур катталууда. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, бул сезондук көрсөткүчкө туура келет, эпидемиологиялык абал туруктуу. Оорулуулардын саны ноябрдын аягынан мартка чейин көбөйүшү күтүлүүдө. Бишкекте ооругандардын саны 16 миңден ашышы мүмкүн. Ооруканаларга күч келтирбөө үчүн поликлиникаларда чалуу-борборлор жана дем алыш күндөрү нөөмөт уюштурулат. Зарыл болсо, стационарларда кошумча орундар ачылат.
- 6-ноябрга чейин Боом капчыгайында таштарды атайлап түшүрүү иштерине байланыштуу унаа кыймылы убактылуу чектелет. “Кыргыз темир жолу” ишканасынын маалыматына караганда, күн сайын саат 9дан күндүзгү 3кө чейин унаалар бир тилке аркылуу гана өткөрүлөт. Айдоочуларга каттамдарын пландоо сунушталат.
- Кыргызстанда 1-декабрдан тарта милиция кызматкерлеринин айлыгы жана ардагерлердин пенсиясы жогорулайт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 1-ноябрда кыргыз милициясынын 102 жылдыгына арналган салтанатта билдирди. Анын айтымында, акыркы алты жылда ИИМдин материалдык-техникалык базасы жаңыланып, кызматтык имараттар оңдолуп, санариптик технологиялар киргизилди. Мамлекет башчысы милиция кызматкерлерин мыйзамдуулукту жана тартипти сактоого чакырып, ардагерлерге көп жылдык кызматы үчүн ыраазычылык билдирди.
Автор: Диана Дуйшоналиева