play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

KG

КҮНДҮН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

today05.11.2026 26

Background
share close
  • cover play_arrow

    КҮНДҮН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Диана Дуйшоналиева

  • Бишкек мэриясы көчөлөрдүн аталыштары жапырт өзгөртүлгөндөн кийин жаңы даректерди билүүгө боло турган порталды ишке киргизди. Шаар тургундары көчөлөрдүн өзгөртүлгөн аталыштарын жана үйлөрдүн жаңы даректерин эми интернет аркылуу текшере алышат. Ал үчүн e-meria.kg сайтына кирип, “Даректи текшерүү” бөлүмүн ачуу керек. Издөө бөлүмүнө көчөнүн мурдагы аталышын жана үйдүн номерин жазса система жаңы даректи көрсөтөт. Белгилеп кетсек, ордо калаадагы жыйырмага чукул көчөнүн аты өзгөртүлүп, бириктирилген.

 

  • Кыргызстандын мамлекеттик карызы 10 млрд 371,5 млн долларды түздү. Анын   5 млрд 96,4 млн доллары ички, калганы тышкы карыз. Тышкы карыздын эң чоң бөлүгү — 1 млрд 367 млн доллар Кытайдын Эксимбанкына туура келет. Буга чейин президент Садыр Жапаров карыздын көбөйүшүнө тынчсызданбоого чакырып, каражаттар өзүн-өзү актай турган долбоорлорго жумшалып жатканын билдирген. Ал эми айрым экономисттер ички карыздын тез өсүшү жана жогорку пайыздык чендер мамлекеттик бюджет үчүн тобокелчилик жаратарын эскертишет.

 

  • Кыргызстандагы 16 айыл аймагына жайыттарды жакшыртуу жана малчылар үчүн шарттарды түзүү максатында 43 млн 441 миң сом грант берилет. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Тиешелүү гранттык келишимдерге кол коюлду. Бөлүнгөн каражатка мал сугаруучу жайлар жана кудуктар оңдолуп, жайыттарга суу жеткирилет. Ошондой эле алыскы жайыттарга баруучу жолдор жана көпүрөлөр калыбына келтирилип, айрым жерлер тосулат.

Автор: Диана Дуйшоналиева


0%