play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

  • cover play_arrow

    НОВОСТИ ДНЯ Диана Дуйшоналиева

Бишкекте парковкалардын баасын 100 сомго чейин көтөрүү сунушталды. Мэриянын демилгеси коомдук талкууга чыкты. Ага ылайык, ордо калаадагы унаа токтотуучу жайлардын кызмат көрсөтүүлөрүнө сааттык төлөм киргизилет.
Шаардын негизги бөлүгүндө унаа токтоочу жайлардын биринчи сааты үчүн төлөмдү 25 сом жана андан кийинки сааттар үчүн тарифти 40 сомдон 100 сомго чейин белгилөө пландалууда.
Мындай сунуш калаада унаа тыгындарды жана жол кырсыктарын азайтуу максаты менен шартталды.

Бишкекте бир нече көчөнү капиталдык оңдоо боюнча жумуштар уланууда.
Муниципалитеттин маалыматына ылайык, учурда Юнусалиев көчөсүнүн Сухэ-Батор көчөсүнөн Саманчин көчөсүнө чейинки аралыгына бир катмар асфальт басылды. Аталган көчө Горький көчөсүнө чейин капиталдык оңдоодон өтөт. Анын алкагында жолдун асфальт катмарын жаңылоо, бордюрларды алмаштыруу, айрым тилкелерди кеңейтүү, коммуникациялык чубалгыларды жер астынан алып өтүү боюнча жумуштар аткарылат.
Ал эми Негизги жумуштарды 31-августка чейин бүтүрүү пландалган.

Кытайлык компания смартфондорду бир нече секунд ичинде кубаттоочу шайман тартуулады. FoneArena басылмасы билдиргендей, кадимки эле кубаттоочу каражат болгону 320 мегаватт кубаттуулукка ээ.
Жаңы муундагы смартфондордун батареясын ал 0дөн 17 пайызга чейин 35 секундда толтурат. Бул азыркы тапта рекорддук көрсөткүч болуп саналат.

Автор: Диана Дуйшоналиева


0%