Авторадио Бишкек 107.8FM
Күндүн жаңылыктары Диана Дуйшоналиева
Бишкекте Сүйүмбаев көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоо иштерине жабылды.
Мэриядан билдиришкендей, анын Москва көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки тилкесинде капиталдык оңдоо жумуштары жүргүзүлөт.
Жол кеңейтилип, асфальттын жаңы катмары төшөлөт.
Дүйнөлүккөчмөндөроюндары 2026-жылы Өзбекстанда өтөт.
Бул тууралуу 2024-жылдын сентябрь айында Астанада өтө турган оюндарга улуттук курама команданы даярдоо боюнча жыйында белгилүү болду.
Буга чейин VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда өтө турганы айтылган. Эске салсак, оюндар үч ирет Кыргызстанда, төртүнчүсү Түркияда өткөн. Эми бешинчиси сентябрь айында Казакстанда болот.
10-сентябрда Кыргызстандынулуттуккурама командасынын Өзбекстан менен беттеши болот.
Оюн жаңыланган Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. Беттеш чындап эле тарыхый болот, анткени биздин команда 2026-жылдагы дүйнөлүк чемпионатты тандоонун үчүнчү раундунун алкагында биринчи оюн өткөрөт.
Старт ышкырыгы кечки саат 10:00.
Автор: Диана Дуйшоналиева