Авторадио Бишкек 107.8FM
Күндүн жаңылыктары Диана Дуйшоналиева
Кыргызстанда капиталдык оңдоодон кийин 9 колледж жана 10 Кесиптик лицей ачылды.
Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, реконструкциялоого 400 миллион сомдон ашык каражат жумшалган.
Ошондой эле окутуунун жаңы ыкмалары иштелип чыкты, кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу уюштурулду, кабинеттер, мастерскойлор даяр жана жаңы окуу жабдуулары берилди.
Иштер Азия Өнүктүрүү Банкынын колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «секторду өнүктүрүү программасы» долбоорунун алкагында аткарылды.
Кыргызстан – Өзбекстан футбол беттеши учурунда Бишкекте коопсуздукту үч миңден ашуун милиция кызматкери көзөмөлдөйт.
Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.
Милиция футбол күйөрмандарын стадионго беттеш башталардан 2 саат эрте келүүгө чакырып, айнектен жана пластиктен жасалган бөтөлкөлөр, пиротехникалык заттарды стадионго алып кирүүгө тыюу салынарын эскертти.
Оюн 10-сентябрда Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. Курамалар 2026-жылкы дүйнө чемпионатынын тандоо турунун үчүнчү раундунун алкагында кез келет.
Белгилеп кетсек, оюнда биринчи жолу VAR системасы колдонулат.
V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында спорттун 11 түрү боюнча мелдештер өтөт.
Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, алар — аттын үстүндө жаа атуу, көк бөрү, көк пар, тогуз коргоол, чүкө оюну, таяк тартыш, кураш, казак күрөшү жана эр эңиш.
Бардык мелдештер Бишкек убактысы боюнча саат 11де, ал эми финалдык беттештер кечки 5те башталат.
Автор: Диана Дуйшоналиева