play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

  • cover play_arrow

    Күндүн жаңылыктары Диана Дуйшоналиева

Бишкекте Юнусалиев көчөсүнүн бир бөлүгү 14-сентябрда унаа кыймылына ачылат.

Мэриядан билдиришкендей, кеп анын Сүйөркулов көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү тууралуу болуп жатат. Бул тилкеде капиталдык оңдоо иштери аяктап калды.

Белгилеп кетсек, Юнусалиев көчөсүнүн Сухэ-Батор көчөсүнөн Горький көчөсүнө чейинки бөлүгүн оңдоо уланууда. Иштердин алкагында асфальт катмарын жаңылоо, бордюрларды алмаштыруу, айрым тилкелерди кеңейтүү, коммуникациялык чубалгыларды жер астынан алып өтүү боюнча жумуштар аткарылып жатат.

 

Бишкекте курулушу отуз жыл мурун башталган Эне жана баланы коргоо борборундагы имарат пайдаланууга берилди.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, жаңы объектке 30 орундуу эндокринология, 30 койкалуу нефрология бөлүмдөрү, жандандыруу, операция жасоочу бөлүмдөр, чоң жыйындар залы жана башка кызматтык бөлмөлөр жайгаштырылган.

Бөлүмдөрдүн баары керектүү медициналык жабдуулар, эмеректер менен жабдылган. Эки бейтапка эсептелген палаталардын ар биринде даараткана жана жуунучу жай орнотулган.

Курулуш иштерин араб коомдук бирикмеси каржылаган.

 

SpaceXкомпаниясы Polaris Dawn тарыхый миссиясынын алкагында төрт турист астронавт менен Crew Dragon кемесин ийгиликтүү учурду.

Маалыматка ылайык, космонавттар биринчи коммерциялык космоско чыгышы керек. Ошондой эле беш күндүк космостук саякат учурунда кеме жердин айланасында орбита үчүн рекорддук бийиктикке жетет — болжол менен 1400 километр. Бул эл аралык космос станциясынын бийиктигинен үч эсе жогору.

Учууну америкалык миллиардер жана космонавт Джаред Айзекман каржылаган, ал бүткүл экспедициянын командири болгон. Экипажга бизнесменден тышкары анын досу, аскердик учкуч Скотт Потит кирди, ал экинчи учкучтун милдетин аткарат, ошондой эле SpaceX  компаниясынын эки кызматкери: космос инженери Анна Менон жана Астронавттарды машыктыруу үчүн жооптуу Сара Джиллис.

Автор: Диана Дуйшоналиева


0%