play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

  • cover play_arrow

    Күндүн жаңылыктары Диана Дуйшоналиева

Калкты тейлөө борборлорунун иштөө убактысы бир саатка узарат.

Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалыматына караганда, мындай демилге мамлекеттик кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу, күтүү убактысын кыскартуу жана тейлөө сапатын жакшыртуу максатында иштелип чыккан. Ага ылайык, калкты тейлөө борборлору эртең мененки саат 8ден кечки 6га чейин иштейт, түшкү тыныгуу 12ден 1ге чейин болот.

 

Кыргызстанда көмүрдүн баасына мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди.

Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, көмүрдүн баасынын өсүшүн алдын алуу жана калкка жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн өлкөдө көмүргө баа 90 күнгө мамлекеттик жөнгө салууга алынат.

Монополдукка каршы жөнгө салуу кызматы бул чаранын аткарылышын көзөмөлдөйт.

 

Нарынга Бишкектен алты троллейбус жеткирилди.

Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Троллейбустар эки шаардын мэрияларынын кызматташтыгынын алкагында өткөрүлүп берилди. Аларды пайдаланууга берүү иштери жүрүп жатат.

Буга чейин Ошко да бир нече троллейбус жөнөтүлгөн.

Автор: Диана Дуйшоналиева


0%