Авторадио Бишкек 107.8FM
Күндүн жаңылыктары Диана Дуйшоналиева
Бишкекте жолдорду капиталдык оңдоо иштери уланууда.
Бүгүн Жибек-Жолу проспектисинин Сүйүнбаев көчөсүнөн Осмонкул көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат.
Мындан тышкары, Жибек-Жолу проспектисинин Аламүдүн суусунун күн чыгыш тарабынан тарта Курманжан Датка көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн түндүк тарабы капиталдык оңдоо жумуштарына жабылат.
Жибек-Жолу проспектиси Тоголок Молдо көчөсүнөн Курманжан Датка көчөсүнө чейин капиталдык оңдоодон өтөт.
2023-жылдын август айынан тарта Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу материалдардын баасы күйүүчү майдын маркасына жараша 6-9 сомго өстү.
Мындай маалыматтарды Улуттук статистика комитети келтирди, депЭкономист басылмасы жазды.
Өткөн жылдын август айы менен салыштырганда, өлкө боюнча АИ-95 маркасындагы бензиндин баасы 7.9 сомго же 12%га өстү – 66.15 сомдон литри.
АИ-92 маркасындагы бензин 7.7 сомго же 13%га өстү – 59.47 сомдон литри.
АИ-80 маркасындагы бензин 5.9 сомго же 11%га өстү – 53.07 сомдон литри.
Дизель отуну болсо 8.9 сомго же 13.5%га өстү – 65.94 сомдон литри.
Аламүдүн районуна караштуу Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн аймагына улуттук колориттеги эс алуу жайы курулат.
Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жер айыл өкмөт тарабынан бөлүнөт. Учурда долбоор жергиликтүү органдарга сунушталды.
Автор: Диана Дуйшоналиева