play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

  • cover play_arrow

    Күндүн жаңылыктары Диана Дуйшоналиева

Бишкектин айрым райондорунда убактылуу суу болбойт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Бугун 25-сентябрда эртең мененки саат 10дон кечки 9га чейин Чатыркөл, Шералиев, Куйюков, Чортеков, Ахунбаев, Муромская, Жазира, Копуро-Базар, Репин көчөлөрүндө өчүрүүлөр күтүлөт. 26-сентябрда Панфилов, Фрунзе көчөлөрү, Манас проспектиси жана темир жол линиясы менен чектелген райондорго суу берүү токтотулат.

Турак жайларда, мектептерде, бала бакчаларда, ооруканаларда жана башка социалдык-тиричилик объектилеринде жана өнөр жайда суу болбойт. Мындай чара оңдоо иштерине байланыштуу.

 

Президенттин администрациясы Бишкек мэриясынын муниципалдык кызматкерлерди жумасына эки ирет коомдук транспортто жүрүү боюнча демилгесин колдоду.

Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, шейшемби жана бейшемби күндөрү муниципалдык, мамлекеттик кызматкерлер коомдук транспортту колдонууга милдеттүү. Бул эки күн автоунаа кыймылы эң көп болгон күндөр деп саналат. Шаар бийлиги бул талапты аткарбагандарга тартиптик чара колдонуп жатат.

 

Үчүнчү Элдик курултай 20-декабрда өтөт. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Иш-чарага 700 делегат чакырылды. “Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзам былтыр 24-июлда кабыл алынган.

Ага ылайык, делегаттардын саны 1 миң 70тен 700гө чейин азайтылган. Биринчи Элдик курултай 2022-жылы ноябрда, экинчиси 2023-жылы декабрь айында өткөн.

Автор: Диана Дуйшоналиева


0%