play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

  • cover play_arrow

    Күндүн жаңылыктары Диана Дуйшоналиева

Чүй облусунун бардык автоинспекторлоруна онлайн-төш камералар берилди.

Бул тууралуу 24 агенттигине жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча облустук башкармалыктын басма сөз кызматынан билдиришти.

Камералар коррупция менен натыйжалуу күрөшүүгө жана кызматкерлердин ишине көз салууга мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары, аппараттар инспекторлордун коопсуздугун камсыз кылат.

 

Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат.

Чек ара кызматы билдиргендей, 1-октябрдан 3-октябрга чейин “Торугарт” жана “Эркечтам” өткөрүү бекеттери ишин токтотот.

Мунун себеби “Кытай Эл Республикасынын түзүлгөн күнүн” майрамдоого байланыштуу.

Аталган пункттар аркылуу адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү 4-октябрдан тарта жанданат.

 

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Балбай жана Ысык-Көл айыл аймактарында лыжа комплекси курулат.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, буга байланыштуу Балбай айыл аймагында жайгашкан жер тилкеси “Запастагы жерлер” категориясынан “Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка максаттардагы жерлер” категориясына өзгөртүлдү.

Өкмөт комплекс качан куруларын тактаган жок.

Автор: Диана Дуйшоналиева


0%