Авторадио Бишкек 107.8FM
Күндүн жаңылыктары Диана Дуйшоналиева
Бишкекте бош орундардын жана кесиптердин жарманкеси өтөт.
Эмгек министрлигинин маалыматы боюнча, иш-чара 4-октябрда Улуттук көркөм сүрөт музейинде өтөт.
Жарманкеге 100дөн ашуун алдыңкы компаниялар катышат. Жалпысынан 4 миңден ашык вакансия сунушталат.
Ошондой эле 30га жакын провайдерлер борбордун жашоочулары жана коноктору үчүн өздөрүнүн окутуу программаларын сунуштай алышат.
Эми камсыздандыруу полистерине каражатты “Кыргыз почтасы” мекемесинин филиалдарында төлөөгө болот.
Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, “Кыргыз почтасы” жана “Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” ишканасы тиешелүү меморандумга кол коюшту. Ага ылайык, жарандар өлкө боюнча “Кыргыз почтасынын” каалаган филиалында ОСАГО өңдүү камсыздандыруу полистерине каражат төлөй алышат.
Кочкор-Атада “Нефтчи” стадиону реконструкциядан кийин ачылды.
Президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, бул жерде ушул эле аталыштагы профессионалдык футбол командасы, ошондой эле 100дөн ашык жаш футболчуларды даярдаган академия жайгашкан.
Кошумчалай кетсек, “Нефтчи” клубунун ар кайсы курактагы үч балдар командасы бар, алар футбол боюнча республикалык чемпионатка такай катышып келишет.
Автор: Диана Дуйшоналиева