Авторадио Бишкек 107.8FM
Күндүн жаңылыктары Диана Дуйшоналиева
Улуттук банк шылуундардан сак болууга чакырат.
Соцтармактарда белгисиз адамдар шилтеме аркылуу өтүп, ал жерге жеке маалыматтарын киргизип, жөнгө салуучу жүргүзүп жаткан утуш оюну аркылуу акчалай байге утуп алууну сунуштап жатышат.
Улуттук банк мындай иш-чараларды уюштуруу менен алектенбей, жеке адамдарды тейлебей, жарандарга эсеп ачпай, калк менен акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзбөй жатканын эскертет.
Кыргызстандыктарды такталбаган шилтемелерди баспоого жана жеке маалыматтарын киргизбөөгө чакырышат. Бул акча жоготууга алып келиши мүмкүн.
Бишкекте Ала-Тоо аянтын реконструкциялоонун экинчи этабы, тактап айтканда, Киев көчөсү тарабынан «Илбирс» имаратынын фасадын оңдоо пландаштырылууда.
Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Муниципалитеттин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, 2024-жылы Ала-Тоону реконструкциялоонун биринчи этабы, анын ичинде Чүй проспектиси жана аянты тарабынан «Илбирс» имараты жаңыртылган.
Экинчи этап качан башталаарын мэрия азырынча билдире элек.
YouTube кыска видеолордун (Shorts) максималдуу узактыгын көбөйтүүнү көздөйт.
15-октябрдан тарта үч мүнөткө чейин видеолорду жүктөөгө мүмкүн болот. Өндүрүүчүлөр жакынкы айларда узунураак Shorts үчүн сунуштарды жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлөрүн белгилешет. Бул чечим контент жаратуучулардын суроо-талабына жараша кабыл алынган
Автор: Диана Дуйшоналиева