play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

  • cover play_arrow

    Күндүн жаңылыктары Диана Дуйшоналиева

Кыргызстандын мектептеринде электрондук күндөлүктөр киргизилет.

Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча, жарандар бул инструментке экинчи чейректен тартып мүмкүнчүлүк алышат.

Электрондук күндөлүк окуу процессин башкаруу, билим берүүнүн сапатын баалоо жана окуу-методикалык материалдарды бириктирген биринчи улуттук портал болуп калат. Бул система мектеп менен окуучулардын, ата-энелердин өз ара байланышын жакшыртып, окуу процессин оптималдаштырууга жана ачык-айкындуулукту жогорулатууга шарт түзөт.

Билим берүү жана илим министрлиги мектептер үчүн санариптик чечимдерди өнүктүрүү жана колдоо боюнча иштерди уланта турганын белгилеп, бул демилгелер билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана ар бир окуучуга билим берүү ресурстарынын жеткиликтүүлүгүн камсыздоого багытталганын билдирди.

 

Ошто жаңы сейил бак пайда болот.

Мамлекеттик курулуш комитетинин маалыматы боюнча, эс алуу аймагы шаардын чыгыш тарабында, Исанов көчөсүндө жайгашмакчы.

Аймактык архитектура башкармалыгы сейил бактын эскиздик долбоорун иштеп чыгып, шаар мэриясына кароого тапшырды.

 

Кыргызстандыктар эс алуу үчүн тандаган алдыңкы өлкөлөр аталды.

Туризм жарманкесине катышкан туроператорлордун маалыматына ылайык, өткөн жылдардын эң популярдуу багыттары болгон Түркия жана Бириккен Араб Эмираттарына суроо-талап дагы эле жогору бойдон калууда.

Бирок быйыл кыргызстандыктардын кызыгуусу жаңы багыттарга барган сайын күчөп жатат. Алсак, Кытай, Малайзия, Венгрия жана Түштүк Корея сыяктуу өлкөлөргө кызыгуу өсүүдө.

Автор: Диана Дуйшоналиева


0%