
Авторадио Бишкек 107.8FM
Күндүн жаңылыктары Диана Дуйшоналиева
Бишкекте чет элдик жарандарга кызмат көрсөтүү борбору ачылды.
Минцифранын маалыматына ылайык, бул жерде чет элдиктерди каттоо, жарандык алуу, «Мекен карт» жана жашоо уруксатын алуу үчүн арыздарды кабыл алуу жүргүзүлөт.
Борбор Нике сарайынын имаратында жайгашкан.
Кыргызстанда орточо айлык 35 миң 650 сом деп эсептелди.
Улуттук статистика комитетинен билдиришкендей, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11,4 пайызга көп.
Өлкөдө орточо айлыктын көрсөткүчү боюнча коомчулукта ар кандай талаш-тартыш болуп келет. Айрымдар орточо эмгек маяна 35 миң сомго жетпей турганын айтышат.
Tesla корпорациясы өзүнүн Optimus роботунун деталдарын ачыктады.
Компаниянын башчысы Илон Масктын айтымында, жакынкы убакта роботтор жаңылануудан өтүп, ар кандай татаал тапшырмаларды аткара алышат.
Гуманоиддор үй жыйноого, итти менен сйилдоого, балдар менен ойноого жана башка иштерге жөндөмдүү болушат.
Роботтун баасы 20-30 миң долларды түзөт. Эксперттердин айтымында, Tesla Optimus 2026-2027-жылдары сатып алууга жеткиликтүү болот.
Илон Маск Optimus роботторун Tesla тарыхындагы эң ири продукт деп атады.
Автор: Диана Дуйшоналиева