play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

KG

КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

today19.03.2025 13

Background
share close
  • cover play_arrow

    КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Айдай Ахматова

Бишкектин мектептеринде электрондук ишеним кутучасы ишке кирет

Улуттук банк шектүү эсептерди жабат

Кыргызстандыктардын май майрамы 11 күнгө созулат

1. Быйыл Бишкектин мектептеринде электрондук ишеним кутучасы ишке кирет. Бул тууралуу мэриядан маалым болду.

Белгиленгендей, балдар купуя каттарды бейтааныш адамдар билип калат деп кадимки почта ящиктерине калтыргылары келбейт. Мындан улам, мектеп окуучулары каттарын телефон аркылуу жөнөтүү үчүн ага байланышкан электрондук почта дареги менен QR код орнотуу чечими кабыл алынды.

Тиешелүү тараптар билдирүүлөрдү жумасына же айына бир жолу эмес, дароо карап, балдардын арыздарына жана өтүнүчтөрүнө ыкчам түрдө жооп берилет деп күтүлүүдө.

2. Улуттук банк шектүү эсептерди 30 күнгө чейин жабуу сунушталган алдамчылык менен күрөшүү боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыкты. Бул тууралуу мекеменин орун басары Бектур Алиев билдирди.

Анын айтымында, иликтөө жүргүзүү жана акыркы чечимди чыгаруу үчүн бир ай оптималдуу убакыт.

Кошумчалай кетсек, ушул эле мыйзам долбоору бардык банктарды жана микрофинансылык уюмдарды алдамчылык операцияларды аныктоо жана алдын алуу үчүн иштелип чыккан “Антифруд” системасын орнотууга милдеттендирүүнү сунуштайт.

3. Май айында кыргызстандыктар 16 күн эс алып, болгону 15 күн иштешет. Анын чинен 1-майдан 11не чейин эс алуу үзгүлтүксүз болот.

Эске салсак, январь айында президент жаңы Эмгек кодексине кол койгон. Ага ылайык, Жаңы жылдык майрамдардан тышкары кыргызстандыктар май айында 1нен 9на чейин расмий эс алат.

Бирок быйыл 10 жана 11-май ишемби жана жекшембиге туура келгендиктен, эс алуу дагы эки күнгө узартылат. Жарандар 12-майда жумушка чыгышы керек.

1) Өлкө аймагында 500 чакырымдан ашык чарба каналдары тазаланат

2)  «Фламинго» паркынын ордуна заманбап конгресс-холл курулууда

3) Бишкекте Турдакун Усубалиев атындагы эски аянт унаа кыймылына жабылат

1. Өлкө аймагында 500 чакырымдан ашык чарба каналдары тазаланат. Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, иштер сугат сезонуна даярдыктын алкагында жүргүзүлөт.

Андан тышкары, гидротехникалык курулуштарды, насостук станцияларды жана агрегаттарды оңдоо жумуштары аткарылат. Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында негизги иштер 10-апрелге чейин, ал эми Чүй, Таласта 1-майга чейин, Ысык-Көл, Нарын облустарында 10-майга ченйин аяктайт деп күтүлүүдө.

2. Бишкектеги «Фламинго» паркынын ордуна заманбап конгресс-холл менен сегиз конок үйү курулууда. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынан билдиришти.

Белгиленгендей, жаңы курулуп жаткан объекттин айланасында эс алуу аянтчалары, аллеялар пайда болуп, маданий иш-чараларды өткөрүүгө шарттар түзүлөт.

3. Бишкекте Турдакун Усубалиев атындагы эски аянт унаа кыймылына жабылат. Кайгуул милиция башкармалыгынан билдиришкендей, мындай чара Нооруз майрамын белгилөөгө байланыштуу.

Абдымомунов көчөсүнүн Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки тилкеси тосулат. Чектөөлөр бүгүн кечки саат 10дон тарта 23-март, түнкү 12ге чейин киргизилет. Жарандарга убактылуу ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алуу сунушталат.

 

Автор: Айдай Ахматова


0%