play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

KG

КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

today20.03.2025 70

Background
share close
  • cover play_arrow

    КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Айдай Ахматова

  • Бишкектин мектептеринде электрондук ишеним кутучасы ишке кирет
  • Улуттук банк шектүү эсептерди жабат
  • Кыргызстандыктардын май майрамы 11 күнгө созулат

1. Быйыл Бишкектин мектептеринде электрондук ишеним кутучасы ишке кирет. Бул тууралуу мэриядан маалым болду.

Белгиленгендей, балдар купуя каттарды бейтааныш адамдар билип калат деп кадимки почта ящиктерине калтыргылары келбейт. Мындан улам, мектеп окуучулары каттарын телефон аркылуу жөнөтүү үчүн ага байланышкан электрондук почта дареги менен QR код орнотуу чечими кабыл алынды.

Тиешелүү тараптар билдирүүлөрдү жумасына же айына бир жолу эмес, дароо карап, балдардын арыздарына жана өтүнүчтөрүнө ыкчам түрдө жооп берилет деп күтүлүүдө.

2. Улуттук банк шектүү эсептерди 30 күнгө чейин жабуу сунушталган алдамчылык менен күрөшүү боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыкты. Бул тууралуу мекеменин орун басары Бектур Алиев билдирди.

Анын айтымында, иликтөө жүргүзүү жана акыркы чечимди чыгаруу үчүн бир ай оптималдуу убакыт.

Кошумчалай кетсек, ушул эле мыйзам долбоору бардык банктарды жана микрофинансылык уюмдарды алдамчылык операцияларды аныктоо жана алдын алуу үчүн иштелип чыккан “Антифруд” системасын орнотууга милдеттендирүүнү сунуштайт.

3. Май айында кыргызстандыктар 16 күн эс алып, болгону 15 күн иштешет. Анын чинен 1-майдан 11не чейин эс алуу үзгүлтүксүз болот.

Эске салсак, январь айында президент жаңы Эмгек кодексине кол койгон. Ага ылайык, Жаңы жылдык майрамдардан тышкары кыргызстандыктар май айында 1нен 9на чейин расмий эс алат.

Бирок быйыл 10 жана 11-май ишемби жана жекшембиге туура келгендиктен, эс алуу дагы эки күнгө узартылат. Жарандар 12-майда жумушка чыгышы керек.

Автор: Айдай Ахматова


0%