play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

KG

КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

today24.03.2025 21

Background
share close
  • cover play_arrow

    КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Айдай Ахматова

  • Бишкектин айрым райондорунда газ өчүрүлөт
  •   Бишкекте өз билемдикке салып курулган тосмолор алынууда
  • Бишкекте Айтматов проспекти алты тилкеге чейин кеңейтилет

 

— Бишкектин Лермонтов, Салиев көчөлөрү жана Жибек Жолу проспектиси менен чектелген райондорунда 25-26-март күндөрү газ убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу “Бишкекгаз” кызматы маалымдайт.

Өчүрүү газ өткөргүчтөрдөгү оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу.

—  Бишкекте өз билемдикке салып курулган тосмолор алынууда. Бүгүнкү күнгө карата  унаа жолго чыгып, тоскоолдук жараткан 9 темир дарбаза, шлагбаум демонтаждалды.

Мэриядан белгилешкендей, бул жаатта иштер дагы улантылат.

 

— Бишкекте Айтматов проспекти Семетей көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө алты тилкеге чейин кеңейтилет.

Бийликтин маалыматына ылайык, жолдун эки тарабына кеңири тротуарлар салынат. Велосипед жана самокаттар үчүн өзүнчө веложол курулат. Кызыл сызыктан чыгып кеткен мыйзамсыз курулуштар алынып салынып, бул иштер Ахунбаев көчөсүнө чейин жүргүзүлөт.

Натыйжада, Айтматов проспекти жөө жүргүнчүлөр, айдоочулар жана велосипедчендер үчүн ыңгайлуу болот.

Айтматов проспектисиндеги үйлөрдүн жана тосмолордун бетине кызыл сызыктан чыгып кеткен объектилерди бузуу боюнча белгилер коюлганю.

Автор: Айдай Ахматова


0%