
Авторадио Бишкек 107.8FM
КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Айдай Ахматова
— Кыргызстанда 1-сентябрдан тарта эреже бузгандардын айдоочулук билими текшерилет. Мындай тапшырманы президент Садыр Жапаров бергенин анын басма-сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол эрежелерин билбегендердин айдоочулук күбөлүгү алынып, сынактан ийгиликтүү өткүчө кайтарылбайт.
Алдын ала маалымат боюнча, сынактан өтүү үчүн айдоочу акча төлөйт, алсак, биринчи тапшырганда 500 сом, экинчисинде 1 миң сом, үчүнчүсүндө 2 миң, ал эми төртүнчү жолкусунда 4 миң сом төлөй турганы айтылды. Учурда атайын механизм иштелип чыгууда.
— Азербайжан Кыргызстанга гуманитардык жардам иретинде 10 өрт өчүрүү унаасын тапшырды. Заманбап техника биздин өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин материалдык-техникалык базасын чыңдоого багытталат.
Атайын унаалар чоң көлөмдөгү сууну ташууга ылайыкталып, өздүк курамдан алты адамды батырат.
— Финляндия сегизинчи жыл катары менен дүйнөдөгү эң бактылуу өлкө аталды. Бул тууралуу БУУ тарабынан даярдалган жалпы дүйнөлүк бакыт докладында айтылат. Үчилтикке Дания жана Исландия кирди.
Кыргызстан өткөн жылга салыштырмалуу 11 позиция жоготуп, 75-орунга жайгашты. АКШ 24-орунда турат, эң акыркы позицияда — Афганистан.
Автор: Айдай Ахматова