play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

KG

КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

today26.03.2025 6

Background
share close
  • cover play_arrow

    КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Айдай Ахматова

  •  Бишкекте жылуулук үчүн карызы бар керектөөчүлөрдү аныктоо боюнча рейд жүрүүдө.
  • Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин кызматтары да онлайн түрдө жеткиликтүү болот.
  • Кыргызстанда 15-апрелден 15-сентябрга чейин жазгы жайыттарга мал жаюуга чектөө киргизилди.

 

  • Бишкекте жылуулук үчүн карызы бар керектөөчүлөрдү аныктоо боюнча рейд жүрүүдө. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. “Бишкек жылуулук энерго” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери абоненттерди үймө-үй кыдырып жатат.

Айрым керектөөчүлөрдүн жылуулук жана ысык сууга бересеси 15 миң сомдон ашат. Мэрия шаар тургундарын коммуналдык кызматтар үчүн төлөмдөрдү өз учурунда жүргүзүүгө чакырат.

  • Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин кызматтары да онлайн түрдө жеткиликтүү болот.

Президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев “Кабарга” билдиргендей, эми жарандар үчүн үйдү сатуу же сатып алуу процесстерин электрондук түрдө жүргүзүүгө мүмкүнчүлүктөр түзүлөт. Учурда “Кызмат” мекемесинин адистери бул долбоорлордун үстүндө иш алып барууда.

Жакынкы күндөрү алар электрондук кызмат көрсөтүү иштеринин таанытымын сунуштайт. Бул өлкөнү толугу менен санариптештирүүгө багытталган пландардын бири, — деди Туманбаев.

  • Кыргызстанда 15-апрелден 15-сентябрга чейин жазгы жайыттарга мал жаюуга чектөө киргизилди.

Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкөдө 139 миң гектар жакынкы жайыт деградацияга учураган. Чектөөлөр жайытты жакшыртуу максатында киргизилди. Министрлик малчыларга алыскы жайыттарды пайдаланууну, жергиликтүү бийликке жайыт башкаруу планын бекиткенде бул буйрукту эске алууну сунуштайт.

Автор: Айдай Ахматова


0%