play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

KG

КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

today31.03.2025 3

Background
share close
  • cover play_arrow

    КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Айдай Ахматова

  • Кыргызстан улуттук электр тармагы быйыл 6 көмөк чордон курууну пландап жатат
  • Кыргызстанда эс алуу үйлөрүн баалоо системасы киргизилет
  • Айпери Медет кызы Азиянын үчүнчү жолку чемпиону болду

1. Кыргызстан улуттук электр тармагы быйыл 6 көмөк чордон курууну пландап жатат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, капиталдык курулуш планынын алкагында өлкө боюнча алты 110 жана 35 киловаттык көмөк чордондорун курулат.

Курулуш иштери компаниянын эсебинен жүргүзүлөт. Андан тышкары, жыгач тирөөчтөрүн темир-бетон тирөөчтөргө алмаштыруу, эскирген зымдарды жаңыртуу иштери дагы пландалууда.

2. Кыргызстанда эс алуу үйлөрүн баалоо системасы киргизилет. Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунан билдиришкендей, бардык мейманкана жана курорттор жылдыз түрүндө категорияларга бөлүнөт — бирден баштан беш жылдызга чейин.

Конок үйлөрүнө өзүнчө категория киргизилет — бирден төрткө чейин эдельвейс гүлү. Боз үй лагерлери “түндүк” менен бааланат, ошондой эле — бирден төрткө дейре. Долбоордун биринчи этабында катышуучулар системага ыктыярдуу негизде кошулат. Алгачкы жылдыздар мейманканаларга ушул жылы берилип баштайт деп күтүлүүдө.

3. Айпери Медет кызы Азиянын үчүнчү жолку чемпиону болду. Ал финалда индиялык балбан Ритика Ритиканы жеңди. Эсеп 6:6 болду. Соңку аракетти Айпери жасап, жеңишти алып кетти.

Спортчулар 76 килограмм салмакта кармашты. Иорданиянын Амман шаарында өтүп жаткан бул чемпионат 30-мартта аяктайт. Ал грек-рим, кыз-келиндердин жана эркин күрөш боюнча болууда. Кыргызстандан бул таймашка 27 спортчу аттанган. Турнирден буга чейин Раззак Бейшекеев күмүш, Ырыскелди Максатбек уулу коло медаль алган.

Автор: Айдай Ахматова


0%