
Авторадио Бишкек 107.8FM
КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Айдай Ахматова
— Социалдык фонд пенсиялык топтоо каражаттарын мөөнөтүнөн мурда алууга укук берген оор оорулардын тизмесин жарыялады.
Мекеменин басма сөз кызматынан билдиришкендей, залалдуу шишиктер, кан оорулары, кан айлануу органдарынын оорулары, боордун өнөкөт жетишсиздиги жана цирроз, бөйрөк жетишсиздиги менен жабыркагандар пенсиялык топтоолорду алдын ала алса болот.
— Ыссык-Көлдүн айланасына темир жол курулат. Бул тууралуу мамлекеттик ишкананын «Кыргыз темир жолу» директорунун орун басары Дастан Усубакунов билдирген.
Анын айтымында, түндүк жээгинде темир жол Балыкчыдан Тамчы аркылуу Чолпон-Атага чейин өтөт, ал эми түштүк жээгинде Балыкчыдан Боконбаево аркылуу Караколго чейин узармак. Азыркы учурда техникалык-экономикалык негиздеме иштелип чыгып жатат. Проектти беш-алты жылдын ичинде ишке ашыруу пландалууда.
— Азия чемпионатында кыргызстандык балбандар алты медаль жеңди. Күрөш боюнча мелдештер Иорданиянын борбору Амман шаарында 25-30-мартка чейин өттү.
Анда эркин күрөштөн Эрназар Акматалиев алтын, Орозобек Токтомамбетов күмүш тагынды.
Кыз-келиндер күрөшүнөн Айпери Медет кызы алтын, Калмира Билимбек кызы коло алды.
Грек-рим күрөшүнөн Раззак Бейшекеев күмүш, Ырыскелди Максатбек уулу коло медаль утту.
Автор: Айдай Ахматова