play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

KG

КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

today09.04.2025 16

Background
share close
  • cover play_arrow

    КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Айдай Ахматова

  • Бишкекте №55, 56 автобус каттамдарынын кыймыл схемасы жарым-жартылай өзгөрүлөт
  • Жылуулук менен ысык суунун баасын июндан тарта жогорулатуу пландалууда
  • Эми фамилияны, ысымды өзгөртүү үчүн арызды “Түндүк” аркылуу тапшырууга болот

-Бишкекте №55, 56 автобус каттамдарынын кыймыл схемасы жарым-жартылай өзгөрүлөт. Муниципалитеттен билдиришкендей, өзгөртүүлөр транспорттук тейлөөнү жакшыртуу жана ыңгайлуулукту жогорулатуу максатында киргизилүүдө.

№55 автобус Чоң-Арык – Маевка багытында каттайт. №56 автобус Чоң-Арык – Аламүдүн-1 багыты менен жүрөт.

-Кыргызстанда жылуулук менен ысык суунун баасын июндан тарта жогорулатуу пландалууда. Энергетика министрлигинин сунушу коомдук талкууга чыкты.

Маалыматка ылайык, тариф калктын керектөөсү үчүн да көтөрүлөт.

Белгиленгендей, учурда жылуулук менен ысык суунун акысы өздүк наркынан төмөн, бул жабдуулардын эскирүүсүнө алып келет жана аларды жаңыртууга мүмкүнчүлүк болбойт.

 

Мындан улам, министрлик бааны жыл сайын, 1-июнда көтөрүп турууну сунуштоодо. Ага ылайык, 80 чарчы метрге чейинки батирлер үчүн жылуулук менен ысык суунун акысы 25 пайызга, 2026-жылы 50%, 2027-жылы 75 пайызга кымбаттайт.

Ал эми 80 чарчы метрден көп батирлердин, мекеме-ишканалардын жылуулук жана ысык суу баасы өздүк нарктын деңгээли боюнча көтөрүлөт.

— Эми фамилияны, ысымды же атасынын атын өзгөртүү үчүн арызды “Түндүк” аркылуу тапшырууга болот.

Бул тууралуу “Кызмат” мекемесинен билдиришти. Ал үчүн тиркемеден “Аты-жөнүн өзгөртүү” кызматын тандап, өзгөртүү негизделген күбөлүктүн түрүн көрсөтүү зарыл.

Жаңы аты-жөнүн киргизип, зарыл маалыматтар толтурулат. Андан соң фотоидентификациядан өтүп, булуттук электрондук кол тамга менен арызга кол коюу керек. Муктаждык болсо жеткирүү жолун тандоого мүмкүндүк бар.

Автор: Айдай Ахматова


0%