
Авторадио Бишкек 107.8FM
КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Айдай Ахматова
-Бишкектеги Ош базарынын жанындагы көчөлөр өз алдынча соода кылгандардан тазаланды. Мэриянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, Токтогул көчөсү менен Чүй проспектиси азыр кең жана таза. Учурда бул көчөлөрдө көрктөндүрүү иштери башталды.
Токтогул көчөсүндө тротуар курулуп бүттү, жакын арада айлананы жашылдандыруу иштери башталат. Ошондой эле Ала-Арча дарыясынын нугун тазалоо кызуу жүрүүдө. Бишкек шаарынын мэри дарыянын жээгинде мыйзамсыз курулган объектилерди текшерип, демонтаж кылууну тапшырды.
— Бишкекте жаңы электробустар үчүн кубаттоочу жабдуулар орнотулчу аянтчалар даярдалып жатат. Мэриянын маалыматына ылайык, Азия өнүктүрүү банкы каржылаган долбоордун алкагында жайында борбор калаага 120 электробус алып келинет.
Азыр Бишкек троллейбус башкармалыгынын аймагын жаңы транспортторду жайгаштырууга ылайыкташтырып жатышат. Депо-1 жана Депо-2 токтоочу жай катары кайра жабдылып, ал жакка заманбап электрозаряддагычтар орнотулат.
Буга чейин шаарга эки электробус жеткирилген – алар айдоочуларды окутуп, даярдоо максатында пайдаланылууда.
— Ысык-Көлдүн экологиялык абалын изилдөө пландалууда.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдиргендей, Ысык-Көлдү сактап калуу жана анын айланасындагы аймакты натыйжалуу башкаруу боюнча жумуш тобу түзүлдү. Ага суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев жетекчилик кылат.
Аталган топ көлдүн экология-экономикалык тутумунун социалдык-экономикалык жана экологиялык абалын комплекстүү изилдеп, анын туруктуу өнүгүүсүнүн концепциясынын долбоорун иштеп чыгат.
Автор: Айдай Ахматова