play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

KG

КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

today15.04.2025 32

Background
share close
  • cover play_arrow

    КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Айдай Ахматова

  • Бишкекте ысык суу 21-апрелде өчүрүлөт
  • Мамлекеттик гимндин тексти менен музыкасына кайрадан сынак жарыяланат
  • Кыргызстандыктарга картошка көп айдабоо сунушталат

— Бишкекте ысык суу 21-апрелде өчүрүлөт. Тиешелүү буйрукка калаа башчы Айбек Жунушалиев кол койду.

Мындай чара профилактикалык жана оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн жыл сайын кабыл алынат. Бул келерки жылытуу мезгилине жабдууларды сапаттуу жана өз убагында даярдоо үчүн зарыл.

Шаар бийлиги ысык сууну 31-майдан тарта берүүнү убада кылууда.

— Мамлекеттик гимндин жаңы редакциясынын долбоорун тандоо боюнча комиссия сынакка келген 285 арыздын баарын четке какты. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев билдиргендей, кызуу талкуунун жыйынтыгында бир дагы долбоор өтпөй калган.

Комиссия мүчөлөрүнүн айтымында, азыркы гимн сунушталып жаткан варианттарга караганда бир топ жакшы. Мындан улам жакын арада жаңы сынак жарыяланат. Сынакка буга чейин арыз берген авторлор деле жаңы долбоор менен кайрадан катыша алышат.

— Кыргызстандыктарга картошка көп айдабоо сунушталат. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдиргендей, быйыл картошка 4,5 миң гектарга отургузулган. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 2 миң гектарга көп.

“ЕАЭБ жана коңшу өлкөлөрдө картошкага муктаждык жогору болгондуктан баа көтөрүлдү. Бул жылы ушул жагдайды эске алып, ЕАЭБ жана коңшу өлкөлөрдө картошка эгилген аянттар көбөйүшү мүмкүн. Ар жыл сайын өзгөрүп турган базар экономикасынын талаптарына ылайык, коңшу өлкөлөрдөгү жагдайга көңүл буруу абзел”, — деп айтылат маалыматта.

 

Автор: Айдай Ахматова


0%