play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

KG

КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

today17.04.2025 32

Background
share close
  • cover play_arrow

    КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Айдай Ахматова

 

  •  Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого аткаруучу компания тандоо боюнча тендердин биринчи этабы жыйынтыкталды
  • Казакстандык жогорку окуу жайлар кыргызстандыктар үчүн 50 квота берди.
  • Дарыгерлер кенелерден сак болууга чакырат

-Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого аткаруучу компания тандоо боюнча тендердин биринчи этабы жыйынтыкталды. Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, сынакка 9 эл аралык компания катышты.

Документтер бааланып, катышуу укугу текшерилип, компаниянын тажрыйбасы жана техникалык документтери анализден өттү. Отчет Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банкына макулдашууга жөнөтүлдү.

Экинчи этапка алдын ала тандоодон өткөн катышуучуларды техникалык жана каржылык тарабынан кылдат текшерүү кирет. Эске салсак, ГЭСти оңдоого аталган банк грант бөлүп берет. Реконструкция иштерин 2027-жылдын аягында жыйынтыктоо пландалууда.

— Кыргызстанда 2025–2026-окуу жылына карата Казакстандын жогорку окуу жайларында билим алууга Кыргыз Республикасынын жарандарынын арасында конкурс аркылуу тандоо башталды.

Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, казак тарап кыргызстандыктар үчүн жалпы 50 квота бөлгөн: бакалавриатка — 25 орун, магистратурага — 20 орун, медициналык билим берүүго — 5 орун.

Конкурска катышуу үчүн талапкерлер http://student.edu.gov.kg сайты аркылуу каттоодон өтүшү керек.

— Дарыгерлер кенелерден сак болууга чакырат. Аталган курттардын активдешүүсү апрель-майда жана август айларында катталат. Адатта зыян курттар Түп районунун өрөөндөрүндө, Ала-Арча жана Кегети капчыгайларында көп кездешет.

Жаратылыш койнуна чыккандар жабык кийинүүсү зарыл. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, жыл сайын энцефалит кенелеринен 1 миңге чукул адам жабыркайт.

Автор: Айдай Ахматова


0%