play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

KG

новости

today10.06.2025 10

Background
share close
  • cover play_arrow

    новости Диана Дуйшоналиева

 

  • Кыргызстандыктар Азербайжанда эл аралык триатлондо өзгөчөлөнүштү.
  •  Муниципалдык автобустарда кондиционерлер пайда болушу мүмкүн.
  • Балыкчыдагы пляжда Зевс менен Посейдондун скульптуралары орнотулган.

 

  • Кыргызстандык спортчулар 8-июнда Азербайжанда Пираллахи аралында өткөн Iron Wind 113 триатлон боюнча мелдеште ийгиликтүү чыгышты.

Кыргыз Республикасынын Триатлон федерациясынын вице-президенти Алена Пучкинанын айтымында, катышуучулар сууда сүзүү, велосипед тебүү жана чуркоо аралыктарын басып өтүштү. Пучкина бардык аялдар арасында биринчи орунду алды. Ошондой эле Мирбек Токтогараев менен Назира Токоева байгелүү орундарга ээ болсо, Евгения Булгакова өз категориясында төртүнчү орунду ээледи.

 

  • Борбор калаадагы автобустарда кондиционерлерди орнотуу пландалууда. Бул тууралуу Транспорт департаментинин директорунун орун басары Алмаз Алымбеков профилдик комиссиянын жыйынында билдирди.

Азыр каттамдарга күн сайын миңден ашык муниципалдык автобустар чыгат. Автопаркты жаңылоо иштери да уланууда — Кытайдан келген жаңы электр автобустарынын бир бөлүгү шаарда, заряддоо станциялары даярдалууда. Ошондой эле ири транспорттун жүрүшү кыйын болгон турак жай аймактары үчүн компакттуу автобустарды сатып алуу каралууда.

 

  • Балыкчыдагы Green City шаардык пляжында байыркы грек кудайларынын — Зевс менен Посейдондун скульптуралары пайда болгон. Жаңы обьектилердин сүрөттөрү азыртадан эле социалдык тармактарда тарап жатат.

Сүрөттөр монументалдык стилде жасалган: Зевс чагылган менен, ал эми Посейдон үч трезубец менен тартылган. Шаар мэриясы билдиргендей, пляж муниципалитеттин балансында турат, бирок көрктөндүрүү иштерин жеке компания жүргүзөт.

Автор: Диана Дуйшоналиева


0%