- Кыргызстанда 32 медициналык мекеме курулуп жатат
- Жаңы окуу жылына карата каникулдардын графиги бекитилди
- Ысык-Көлдө жээкке кирүүгө акы алынган учурлар иликтенүүдө
- Кыргызстанда 32 медициналык мекеме курулуп жатат. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, алардын көбү Жалал-Абад облусуна туура келет — 9, Ошто — 6 мекеме курулуп жатса, Бишкекте — 5, Ысык-Көлдө 4 медициналык жай салынууда.
Белгилеп кетсек, быйыл саламаттыкты сактоо тармагына 49,5 миллиард сом бөлүнгөн.
- Жаңы окуу жылына карата каникулдардын графиги бекитилди.
Агартуу министрлигинин маалыматына ылайык, күзүндө окуучулар 5-ноябрдан 9-ноябрга чейин эс алса, кышында 31-декабрдан 11-январга чейин эс алуу берилет.
Жазгы каникулдар 6-9-мартта жана 1-майдан 9-майга чейин болот. Биринчи класстын окуучулары үчүн кошумча эс алуу жарыяланат.
- Ысык-Көлдөгү айрым пансионаттарда жээкке кирүү үчүн акы алган учурлар иликтенип жатат. Президенттин аймактагы өкүлчүлүгү атайын штаб түзүлгөнүн билдирди.
Ага ылайык, эс алуу жайларындагы жана пансионаттардагы мыйзам бузууларды, анын ичинде эс алуучу объектилерге кирүүгө акы алынган учурларга байланыштуу текшерүүлөр жүрүүдө.
Айрыкча, жарандардын көл жээгинде эркин жана тоскоолдуксуз жүрүү укуктарын камсыздоого өзгөчө көңүл бурулууда.
Автор: Диана Дуйшоналиева