- Төө-Ашуу ашуусундагы туннелдин айланасы көрктөндүрүлөт
- Кыргызстанда быйыл экспорттук инфраструктураны өнүктүрүү программасынын алкагында 63 жаңы ишкана ачылат.
- Өзгөндө борбордук стадиондун курулушу уланууда
- Төө-Ашуу ашуусундагы туннелдин айланасы көрктөндүрүлөт. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, планга ылайык, унаа токтотуучу жайлар, эс алуу аймагы жана башка бир катар объектилерди куруу каралууда. Ошондой эле туннелдин кире беришинде жол катмары жаңыртылат. Жерине атайын техника тартылып, иштер жакын арада башталат.
- Кыргызстанда быйыл экспорттук инфраструктураны өнүктүрүү программасынын алкагында 63 жаңы ишкана ачылат.
Ишканалардын эң көбү Нарын облусунда жайгашмакчы. Бул жакта 10 жаңы ишкана ишке берилет. Алардын ичинде эки соода-логистикалык борбор, эки сафлор майын чыгарган завод, жүндү кайра иштетүүчү үч цех, минералдык суу чыгаруучу ишкана, сүт заводу жана канаттуулардын этин кайра иштетүүчү завод бар.
Бул ишканалар ишке киргенден кийин облус тургундары үчүн болжол менен 400 жаңы жумуш орду түзүлөрү күтүлүүдө.
- Өзгөндө борбордук стадиондун курулушу уланууда. Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, учурда объектте эски тосмолор алынып, жаңы чуркоо жолдору төшөлүп, волейбол аянтчасы орнотулуп, медициналык пункт жана жуунучу жайлар курулууда. Ошондой эле көрүүчүлөр трибунасы салынып жатат.
Автор: Диана Дуйшоналиева