- Бишкектеги ооруканалардын баары шаар четине көчүрүлөт
- Оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына чектөө күзгө чейин уланат
- «Манас Ордо» комплексинде масштабдуу реконструкция иштери жүрүүдө
- Бишкектеги ооруканалардын баары шаардын сыртына, Көк-Жарга көчүрүлөт. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда медициналык шаарчанын курулушу башталууда. Бирок курулуштун чоо-жайы тууралуу толук маалымат айтылган жок.
Эске салсак, буга чейин ордо калаадагы бейтапканаларды Кара-Жыгач айылына жакын жердеги 100 гектардан ашык жерге көчүрүү мерчемделип жатканы кабарланган.
- Унаа жана жолдор министрлиги оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына чектөө күчүндө экенин эскертет.
Мындай чара салынган жолдордун сапатын сактоо, анын талкаланышына жол бербөө максатын көздөйт. Ага ылайык, абанын күндүзгү температурасы 28ºС жана андан жогору болгон учурда жалпы массасы 18 тоннадан ашкан оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына тыюу салынат.
Чектөө болжол менен таңкы саат 7ден кечки 9га чейин күчүндө болот жана күзгө чейин созулат.
- Таластагы «Манас Ордо» комплексинде масштабдуу реконструкция иштери жүрүүдө.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, ремонтко каражат республикалык бюджеттен бөлүнгөн.
Долбоорго ылайык, заманбап конгресс-холл, 1000 чарчы метрди түзгөн беш конок үйү жана эки кабаттуу административдик имарат курулат. Анын алкагында комплекстин аянты кеңейтилет.
Белгилеп кетсек, аталган комплекс соңку 30 жылда алгачкы жолу ири масштабдагы реконструкциядан өтүүдө.
Автор: Диана Дуйшоналиева