play_arrow
Авторадио Бишкек 107.8FM
play_arrow
КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Диана Дуйшоналиева
Маалыматка ылайык, алгач бордюрлар жана арык лотоктор алынат — бул этапта унаалар үчүн жол ачык бойдон калат. Бирок жаңы асфальт төшөлө баштаганда кыймыл толугу менен токтотулат.
Оңдоо иштери эки айга созулат.
Бүгүн, 28-июлда Грециянын борбору Афина шаарында кадеттер арасында спорттук күрөш боюнча U-17 (17 жашка чейинки балбандар) дүйнө чемпионаты башталат. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиктен билдиришкендей, алгач грек-рим күрөшү боюнча балбандар килемге чыгып, 48 кг, 55 кг, 65 кг, 80 кг жана 110 кг салмактык категорияларында күрөшөт.
Аталган мелдеште Кыргызстандын намысын беш спортчу коргойт. Алар Жанарбек Сейитов (48 кг), Алхам Абдирасулов (55 кг), Адилет Өмүрбеков (65 кг), Нурислам Өскөнбаев (80 кг) жана Умар Орманов (110 кг).
Таймаштар Бишкек убактысы боюнча саат 13:30 да башталат.
Көңүл жубатуучу жана финалдык беттештер эртең болот.
Автор: Диана Дуйшоналиева