play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

KG

КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

today06.08.2025 7

Background
share close
  • cover play_arrow

    КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Диана Дуйшоналиева

  • Транспорт салыгынын суммасын салыктардын башка түрлөрүнө чегерип же кайтарып алса болот
  • Быйыл Кыргызстандагы мектептер толугу менен электрондук күндөлүккө өтөт
  • Бишкектеги Айтматов проспектиндеги мозаикалык панно реставрациядан өтөт.

 

  • Транспорт салыгы жоюлгандыгына байланыштуу төлөнгөн транспорт салыгынын суммасын салыктардын башка түрлөрүнө чегерип же кайтарып алса болот.

    Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. 2025-жылдын   1-январына карата транспорт каражаттарына мүлк салыгын ашыкча төлөгөн жарандар 2025-жылдын 30-ноябрына чейин салыкты чегерүү же кайтарып берүү жөнүндө арыз берүүгө тийиш.

    Арызды cabinet.salyk.kg сайтында тапшырса болот. Эгер белгиленген мөөнөттө арыз берилбесе, төлөнгөн каражат мамлекеттик казынага которулат.

 

  • Бул тууралуу Агартуу министринин орун басары Лира Самыкбаева билдирди.

    «Күндөлүк» тиркемеси аркылуу ата-энелер балдарынын бааларын, сабактардын жүгүртмөсүн, үй тапшырмаларын жана окуу китептерин көрө алышат. Ал эми мугалимдер темаларды белгилеп, бааларды коюп, балдардын сабакка катышуусуна көз салат.

    Белгиленгендей, бүгүнкү күндө өлкө боюнча окуучулардын 90%дан ашык маалыматтары санарип форматка өткөрүлдү. Демографиялык маалыматтардан тартып, үй-бүлөлүк абалы, сабакка катышуусу жана жетишкендиги да электрондук базага киргизилди.

 

 

  • Бишкектеги Чыңгыз Айтматов проспектинде жайгашкан «Конок тосуу» аттуу мозаикалык панно сакталып калат. Эске салсак, Ахунбаев көчөсүнөн Масалиев көчөсүнө чейинки жол тилкесинде оңдоо иштери башталган.

    Социалдык тармактарда шаар тургундары жолду кеңейтүү учурунда совет доорунда жасалган мозаиканы бузуп салышынан кооптонушкан. Бирок, мэрия расмий түрдө билдирүү таратты: мозаикалык панно сакталып калат жана аны реставрациялоо боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырма берилген. «Конок тосуу» панносу совет мезгилинде жаралган жана 1970-жылдардагы монументалдык искусствонун мүнөздүү мисалы болуп эсептелет.

Автор: Диана Дуйшоналиева


0%