play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

KG

КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

today13.08.2025 15

Background
share close
  • cover play_arrow

    КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Диана Дуйшоналиева

  • Эртең Бишкектин айрым жерлеринде ичүүчү суу болбойт
  • Жыл башынан бери Бишкекте эки миңдей бак-дарак кыйылды
  • Павел Дуров айрым Telegram-каналдар жабыла турганын жарыялады.

 

  • эртең Бишкектин айрым жерлеринде ичүүчү суу болбойт. Муниципалитеттен билдиришкендей, суу эртең мененки саат 10дон түн жарымга чейин Үсөнбаев — Күрөңкеев  — Чоң Чүй каналы — Элебесов  — Аул — Керамическая — Хвойная көчөлөрү чектелген аймакта өчүрүлөт. Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу. “Бишкексууканал” ишканасы мекеме-уюмдарды, калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.
  • Жыл башынан бери Бишкекте эки миңдей бак-дарак кыйылды. Бул тууралуу “Бишкек жашыл чарба” муниципиалдык ишканасынын башкы агроному Жаныбек Жумалиев билдирди. Анын айтымында, Чыңгыз Айтматов проспектисин оңдоо иштеринде эле миңдей терек кыйылды.

Белгиленгендей, план боюнча Бишкекте жыл сайын чирип, мөөнөтү жеткен 600-700 бак-дарак кыйылып турушу зарыл. Бирок жол салуу жана курулуш иштерине байланыштуу мындан да көп бак-дарак жок кылынууда.

 

  • Павел Дуров айрым Telegram-каналдар жабыла турганын жарыялады.

    Эске салсак, буга чейин ал мессенжердин колдонуучуларын эгер шантаж же коркутууларга туш болуп жатышса, өзүнө же командасына билдирүүнү суранган. Кечээ, Telegram’дын негиздөөчүсү жүздөгөн даттануулар келгенин айтып, ошол арыздардын негизинде жуманын аягына чейин «көптөгөн» каналдар жабыларын билдирди.

    «Мындай негиз менен каналдын жабылышы — бизде каналдын админдери шантаж мүнөзүндөгү постторду жарыялап, андан соң аларды акча үчүн өчүрүп тургандыгы боюнча талашсыз далилдер бар экенин билдирет.  — деп жазды ал. Анын айтымында, акыркы 20 күндө Telegram колдонуучулары шантаж жана алдамчылык боюнча жүздөгөн билдирүү жөнөтүшкөн.

Автор: Диана Дуйшоналиева


0%