play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

KG

КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

today15.08.2025 34

Background
share close
  • cover play_arrow

    КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Диана Дуйшоналиева

  • Бишкекте Шабдан Баатыр жана Курманжан Датка көчөлөрүнүн кесилишинин түндүк тарабы үч күнгө жабылат
  • Кыргызстан 2 заманбап жүргүнчү учагын сатып алат
  • Россияда WhatsApp жана Telegram мессенжерлери аркылуу чалуу бөгөттөлдү

 

  • Бишкекте Шабдан Баатыр жана Курманжан Датка көчөлөрүнүн кесилишинин түндүк тарабы үч күнгө жабылат. Мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, аталган тилке 16-августтан 18ине чейин калыбына келтирүү иштеринин алкагында жабык болот. Тыгындарды алдын алуу максатында айдоочуларга каттамдарын эртелеп пландап алуу сунушталат.

 

  • Кыргызстан 2 заманбап жүргүнчү учагын сатып алат. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ишканасынан билдиришти. Тиешелүү келишимге Ысык-Көлдө өтүп жаткан кыргыз-орус экономикалык форумунун алкагында кол коюлду. Документке ылайык, Airbus A320 же Boeing 737 тибиндеги заманбап эки жүргүнчү учагын алуу каралган. Биз бул долбоорду ишке ашыруу менен авиакаттамдардын сапаты жогорулап, жарандар үчүн учуулардын ыңгайлуулугун жана жеткиликтүүлүгү артат, — деди ишкананын жетекчиси Манасбек Самидинов.

 

    • Россияда WhatsApp жана Telegram мессенжерлери аркылуу чалуу бөгөттөлдү

    Мунун себебин кылмыштуулукка каршы чара катары түшүндүрүшүүдө. Анткен менен буга чейин жергиликтүү уюлдук операторлордун кирешеси телефон чалуулары азайгандан улам жылдан-жылга төмөндөп жатканы кабарланган. WhatsApp жана Telegram мессенжерлери аркылуу чалуулардын бөгөттөлүшүн ушул жагдай менен байланыштыргандар да бар.

Автор: Диана Дуйшоналиева


0%