play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

Kanat Kadyrjan

61 Results / Page 1 of 7

play_arrow

RU

КҮНДҮН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

Президент Садыр Жапаров Баткен районунун жана Баткен шаарынын тургундары менен жолугушту. Мамлекет башчысынын Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапарынын алкагындагы бул жолугушуу ачык диалог форматында өтүп, үч сааттан ашык убакытка созулду. Анда аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү, инфраструктураны жаңылоо, таза суу, спорт жана медициналык объектилерди куруу маселелери талкууланды. Ошондой эле тургундар сот жана укук коргоо органдарынын ишинде адилеттүүлүктү камсыз кылуу, пенсия жана жер тилкелерин берүү маселелерин көтөрүштү. Садыр Жапаров тиешелүү мамлекеттик […]

today12.10.2026 65

play_arrow

KG

КҮНДҮН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

Борбор калаадагы “Ала-Тоо” аянтында Чүй облусунун 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү.Иш-чарага президент Садыр Жапаров баштаган мамлекеттик кызматкерлер, коомдук ишмерлер, маданият өкүлдөрү, ошондой эле борбор калаанын тургундары жана коноктору катышты.Мааракенин алкагында Чүй облусунун тарыхын, маданий мурастарын жана жетишкендиктерин даңазалоого багытталган сахналаштырылган концерт коюлуп, майрамдык маанай тартууланууда.     Кыргызстанда ”Коопсуз өлкө“ долбоорунун алкагында өлкө боюнча 20 миңден ашык видеобайкоо камерасын орнотуу иштери жүргүзүлүүдө.Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, камералар кылмыштарды жана […]

today12.10.2026 82

play_arrow

RU

КҮНДҮН МААНИЛҮҮ ЖАНЫЛЫКТАРЫ

Ишемби күнү, 10-октябрда Чүй облусунун 100 жылдык мааракесине байланыштуу Бишкектин борбордук Ала-Тоо аянтынын айланасындагы айрым көчөлөрдө унаа кыймылына чектөө киргизилет. Милициянын кайгуул кызматы билдиргендей, майрамдык иш-чараларга байланыштуу Чүй проспектиси (Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейин), ошондой эле Панфилов, Фрунзе, Орозбеков, Раззаков жана Абдумомунов көчөлөрүнүн айрым тилкелери жабылат. Айдоочулардан тыгындарда калбоо үчүн каттамдарын алдын ала пландап, башка көчөлөр аркылуу айланып өтүү сунушталат.     Суучулдар Токтогул суу сактагычын тордон тазалоодо. Бул тууралуу […]

today09.10.2026 167

play_arrow

RU

КҮНДҮН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

Президент Садыр Жапаров Нарын шаарында 9 балалуу милиция кызматкеринин үй-бүлөсүнө автоунаа белек кылды.Мамлекет башчысы Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Мамлекеттик ипотекалык компания курган жаңы батирге көчүп кирген көп балалуу үй-бүлөнүн үйүнө өзү барып, унаанын ачкычын тапшырды. Бул үй-бүлөнүн кожоюну ички иштер органдарында эмгектенет, ал эми жубайы — "Баатыр эне". Алар тарбиялап жаткан 9 баланын эң кичүүсү болгону 7 айлык.     Президент Садыр Жапаров Нарын облусуна болгон иш сапарынын […]

today08.10.2026 66

play_arrow

KG

КҮНДҮН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

8-октябрдан баштап Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын Түркмөнбашы шаарына эки күндүк иш сапары менен барат. Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовдун чакыруусу менен өтө турган бул сапардын алкагында өлкө башчысы эки ири эл аралык иш-чарага катышат. 8-октябрда Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана Азербайжандын мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусунун 8-жыйынында соода, транспорт жана энергетика маселелери талкууланат. Ал эми 9-октябрда Садыр Жапаров КМШга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышып, уюмдун алкагындагы көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү пландарын карап […]

today08.10.2026 107

play_arrow

RU

КҮНДҮН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

Асаналиев көчөсүндөгү темир жол өтмөгүндө оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу түнкүсүн унаа кыймылы убактылуу чектелет.“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик мекемесинин маалыматына ылайык, Бишкек-1 – Бишкек-2 багытындагы Асаналиев (мурдагы Некрасов) көчөсүндө жайгашкан темир жол өтмөгүндө тосмо түзүлүштөрдү (УЗП) алмаштыруу иштери жүргүзүлөт. Мындан улам 8, 9, 10 жана 11-октябрь күндөрү саат 21:00дөн эртең мененки 06:00гө чейин кыймылга чектөө киргизилет. 8-11-октябрь, саат 21:00дөн 06:00гө чейин Оңдоо иштери этап-этабы менен аткарылып, алгач жолдун бир тарабы, кийин экинчи […]

today07.10.2026 29

play_arrow

KG

КҮНДҮН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

Кыргызстандын Энергетика министрлиги өзүнүн туңгуч логотибин жана бирдиктүү фирмалык стилин иштеп чыкты. Министрликтин маалыматы боюнча, буга чейин мекеменин өзүнчө визуалдык стили болгон эмес жана бардык материалдарда өлкөнүн Мамлекеттик герби колдонулуп келген. Жаңы логотип министрликтин адистери тарабынан кыргыз, орус жана англис тилдеринде жасалды. Анын негизин өлкөнүн гидроэнергетикалык потенциалын жана маданиятын чагылдырган тоолор, ГЭС, электр берүү линиялары жана улуттук оймо-чиймелер түзөт. Бул фирмалык стиль мындан ары мекеменин расмий платформаларында, социалдык тармактардагы баракчаларында […]

today07.10.2026 42

play_arrow

RU

КҮНДҮН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгында бул кызматтын түзүлгөндүгүнүн 108 жылдыгы салтанаттуу түрдө белгиленди.ИИМдин маалыматы боюнча, салтанаттуу иш-чарага министрликтин жетекчилиги, өздүк курам жана кылмыш иликтөө кызматынын ардагерлери катышты. Майрамдын алкагында кызматтык милдеттерин аткарууда өзгөчөлөнүп, жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен кызматкерлерге ведомстволук сыйлыктар тапшырылды. Министрликтин жетекчилиги укук тартибин камсыздоодо жана жарандарды кылмыштуу кол салуулардан коргоодо күнү-түнү кызмат кылган кызматкерлерге кесипкөйлүгү жана кайраттуулугу үчүн терең ыраазычылык билдирди.     Борбор калаадагы заманбап “Бишкек […]

today06.10.2026 62

play_arrow

KG

КҮНДҮН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

Бишкек – Ош унаа жолунун 428-441-чакырымында беш жерден сел жүрүп, жолду бөгөп калды.Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматы боюнча, учурда жолдун бир тарабы ачылып, экинчи тилкесин тазалоо иштери кызуу уланууда. Кырсык болгон жерге №38 Жол эксплуатациялык мекемесинин кызматкерлери жана атайын техникалар тартылып, унаалардын коопсуз каттамын толук калыбына келтирүү аракети көрүлүүдө. Айдоочулардан жолдо этият болууну жана убактылуу чектөөлөрдү эске алууну суранышат.     Манас шаарындагы Ж. Болотов атындагы №21 жалпы билим берүү […]

today06.10.2026 46

0%