play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

KG

33 Results / Page 1 of 4

KG

Күндүн жаңылыктары

Аралыктан добуш берүүнү каалаган шайлоочулардын арыздарын кабыл алууга катышкан Калкты тейлөө борборлору ишемби жана жекшемби күндөрү, саат 9.00дөн 18.00гө чейин иштейт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, калкты тейлөө борборлору жети шаарда жайгашкан Аралыктан добуш берүүгө байланыштуу бардык суроолор боюнча — 1255 ишеним телефонуна чалсаңыз болот.   Кыргызстанда 12 жылдык окууга өтүү концепциясы кабыл алынды. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти. Концепция билим берүү системасын жаңылоого жана заманбап […]

today05.11.2024 37

KG

Күндүн жаңылыктары

Tunduk тиркемесинде жаңы кызмат пайда болду. Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалыматына караганда, эми жарандар жашаган жери боюнча онлайн катталса болот. Кыргызстандыктар калкты тейлөө борборлоруна же калкты каттоо департаментинин аймактар ​​аралык бөлүмдөрүнө барбастан эле өзүн, балдарын же башка адамдарды каттоого тургуза алат. Белгилеп кетсек, каттоо үчүн мүлк ээлери гана кайрыла алышат.   Төө-Ашууда кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу билдирүү таратты. Маалыматка ылайык, 17-октябрга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга […]

today16.10.2024 64

KG

Күндүн жаңылыктары

Бишкекте чет элдик жарандарга кызмат көрсөтүү борбору ачылды. Минцифранын маалыматына ылайык, бул жерде чет элдиктерди каттоо, жарандык алуу, «Мекен карт» жана жашоо уруксатын алуу үчүн арыздарды кабыл алуу жүргүзүлөт. Борбор Нике сарайынын имаратында жайгашкан.   Кыргызстанда орточо айлык 35 миң 650 сом деп эсептелди. Улуттук статистика комитетинен билдиришкендей, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу  11,4 пайызга көп. Өлкөдө орточо айлыктын көрсөткүчү боюнча коомчулукта ар кандай талаш-тартыш болуп келет. Айрымдар орточо […]

today14.10.2024 12

play_arrow

KG

Күндүн жаңылыктары

Кыргызстандын мектептеринде электрондук күндөлүктөр киргизилет. Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча, жарандар бул инструментке экинчи чейректен тартып мүмкүнчүлүк алышат. Электрондук күндөлүк окуу процессин башкаруу, билим берүүнүн сапатын баалоо жана окуу-методикалык материалдарды бириктирген биринчи улуттук портал болуп калат. Бул система мектеп менен окуучулардын, ата-энелердин өз ара байланышын жакшыртып, окуу процессин оптималдаштырууга жана ачык-айкындуулукту жогорулатууга шарт түзөт. Билим берүү жана илим министрлиги мектептер үчүн санариптик чечимдерди өнүктүрүү жана колдоо боюнча иштерди уланта турганын […]

today10.10.2024 11

play_arrow

KG

Күндүн жаңылыктары

Улуттук банк шылуундардан сак болууга чакырат. Соцтармактарда белгисиз адамдар шилтеме аркылуу өтүп, ал жерге жеке маалыматтарын киргизип, жөнгө салуучу жүргүзүп жаткан утуш оюну аркылуу акчалай байге утуп алууну сунуштап жатышат. Улуттук банк мындай иш-чараларды уюштуруу менен алектенбей, жеке адамдарды тейлебей, жарандарга эсеп ачпай, калк менен акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзбөй жатканын эскертет. Кыргызстандыктарды такталбаган шилтемелерди баспоого жана жеке маалыматтарын киргизбөөгө чакырышат. Бул акча жоготууга алып келиши мүмкүн.   Бишкекте Ала-Тоо аянтын реконструкциялоонун […]

today07.10.2024 12

play_arrow

KG

Күндүн жаңылыктары

Кыргызстанда пенсия көбөйтүлдү. Социалдык фонддун маалыматына караганда, пенсиянын минималдуу өлчөмү эми 6 мин 900 сомду түзөт. Эске салсак, быйыл өсүш эки этап менен болду. Алгач пенсиянын базалык бөлүгү теңдештирилди. Ага ылайык, 1-июлдан тарта бардык пенсионерлер 3 миң 170 сомдон ашык ала баштады. Экинчи этап, 1-октябрдан баштап пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүнө тиешелүү болуп, ал 18%га жогорулады. Минималдуу жогорулоо 1 миң сомду түздү.   Бишкекте “Жылдын мыкты мугалими” жана “Жылдын мыкты тарбиячысы” сынагы […]

today02.10.2024 18

KG

Күндүн жаңылыктары

Бишкекте бош орундардын жана кесиптердин жарманкеси өтөт. Эмгек министрлигинин маалыматы боюнча, иш-чара 4-октябрда Улуттук көркөм сүрөт музейинде өтөт. Жарманкеге 100дөн ашуун алдыңкы компаниялар катышат. Жалпысынан 4 миңден ашык вакансия сунушталат. Ошондой эле 30га жакын провайдерлер борбордун жашоочулары жана коноктору үчүн өздөрүнүн окутуу программаларын сунуштай алышат.   Эми камсыздандыруу полистерине каражатты “Кыргыз почтасы” мекемесинин филиалдарында төлөөгө болот. Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, “Кыргыз почтасы” жана “Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” ишканасы тиешелүү меморандумга кол коюшту. Ага ылайык, жарандар өлкө боюнча “Кыргыз почтасынын” каалаган филиалында ОСАГО өңдүү камсыздандыруу полистерине каражат төлөй алышат.   Кочкор-Атада “Нефтчи” стадиону реконструкциядан кийин ачылды. Президенттин Жалал-Абаддагы […]

today01.10.2024 9

play_arrow

KG

Күндүн жаңылыктары

Чүй облусунун бардык автоинспекторлоруна онлайн-төш камералар берилди. Бул тууралуу 24 агенттигине жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча облустук башкармалыктын басма сөз кызматынан билдиришти. Камералар коррупция менен натыйжалуу күрөшүүгө жана кызматкерлердин ишине көз салууга мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, аппараттар инспекторлордун коопсуздугун камсыз кылат.   Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат. Чек ара кызматы билдиргендей, 1-октябрдан 3-октябрга чейин “Торугарт” жана “Эркечтам” өткөрүү бекеттери ишин токтотот. Мунун себеби “Кытай Эл Республикасынын түзүлгөн күнүн” майрамдоого байланыштуу. Аталган пункттар аркылуу адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү 4-октябрдан тарта жанданат.   Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Балбай жана Ысык-Көл айыл аймактарында лыжа комплекси курулат. Бул тууралуу Министрлер […]

today30.09.2024 32

play_arrow

KG

Күндүн жаңылыктары

Бишкектин айрым райондорунда убактылуу суу болбойт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Бугун 25-сентябрда эртең мененки саат 10дон кечки 9га чейин Чатыркөл, Шералиев, Куйюков, Чортеков, Ахунбаев, Муромская, Жазира, Копуро-Базар, Репин көчөлөрүндө өчүрүүлөр күтүлөт. 26-сентябрда Панфилов, Фрунзе көчөлөрү, Манас проспектиси жана темир жол линиясы менен чектелген райондорго суу берүү токтотулат. Турак жайларда, мектептерде, бала бакчаларда, ооруканаларда жана башка социалдык-тиричилик объектилеринде жана өнөр жайда суу болбойт. Мындай чара оңдоо иштерине байланыштуу.   Президенттин администрациясы Бишкек мэриясынын муниципалдык […]

today26.09.2024 9

0%