КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ
Бишкекте Бөкөнбаев көчөсүндө эски түтүктөр алмаштырылууда. Бул максатта унаа кыймылынын бир бөлүгү чектелди, учурда бир тилкеси гана ачык. Ремонттук иштер Панфилов көчөсүнөн тарта Республикалык оорукананын жанындагы светофорго чейин жүрүп жатат. Түтүктөр 1986-жылы эле салынгандыктан, эскилиги жетти. Келе жаткан жылуулук сезонуна чейин аларды жаңыртуу керек, — дешти мэриядан. Бишкектин бир бөлүгүндө газ өчүрүлөт. 20-майга чейин көгүлтүр от Жибек Жолу проспектинде, Калинин, Салиева көчөлөрүндө, ал эми 13-14-майда Лермонтов, Жеңиш, Ленин көчөлөрүндө жок […]