«Кыргыз почтасы» пенсияны жеткирүүдөн эки пайыздык комиссия албайт. «Кыргыз почтасы” пенсияны жеткирүү үчүн эки пайыз комиссия алынары тууралуу маалыматты төгүндөдү. Буга чейин аталган ишкана 2026-жылдан тарта пенсия жана жөлөк пул жеткирүү үчүн комиссия ала турганы, бул чара 2027-жылдын 31-декабрына чейин колдонулары кабарланган. Бирок бул маалымат чындыка туура келбей турганы белгиленди. «Кыргыз почтасынын” кызматкерлери пенсияны акысыз түрдө пенсионерлердин үйлөрүнө жеткиришет. Аларга тиешелүү төлөмдү Социалдык фонд жүргүзөт», — деп айтылат маалыматта. […]