КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ
Кыргызстан Нипах вирусуна байланыштуу Индиядан мал-жандыктарды жана эт азыктарын алып кирүүгө убактылуу чектөө киргизди. Мындай чечимди Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы кабыл алды. Мекеме бул чараны өлкөнүн ветеринардык-санитардык коопсуздугун камсыз кылуу максаты менен түшүндүрдү. Эске салсак, Индиянын Батыш Бенгалия аймагында кооптуу Нипах вирусу жуккан учурларга байланыштуу Азиянын бир катар өлкөлөрүндө санитардык көзөмөл күчөтүлдү. Кыргызстанга кирген […]