«Bonita»
«Beauty марафонун» улантып, бүгүн бизде конокто ажарлуу жана сулуу Анна Бонита болду. Эфир өзгөчө кызыктуу жана күтүүсүз өттү, анткени биз кыргыз жана орус тилдеринде баарлашууга да жетиштик. Эфирдин жүрүшүндө «Бонита» бренди тууралуу маектешип, жакында өтө турган «Сүйүү Фест» фестивалын талкууладык. Ошондой эле угармандарыбыз үчүн белектер ойнотулуп, жагымдуу маанай тартууланды. Сулуулукту, стильди сүйгөндөр үчүн бул эфир мыкты өттү.