КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ
Монголиянын президенти Ухнаагийн Хүрүлсүх иш сапары менен Кыргызстанга келди. Жогорку даражалуу конокту «Манас» аэропортунан Акылбек Жапаров тосуп алды. Монголиянын лидери ШКУнун жыйынына жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына катышат. Аэропортто конокко Көчмөндөр оюндарынын символу болгон илбирстин оюнчугу белек кылынды. Ички иштер жана Өзгөчө кырдаалдар министрлери «Мадина» базарынын соодагерлери менен жолукту. Кырсыктан 50дөн ашык контейнер жабыркап, эки куткаруучу жаракат алды, каза болгондор жок. Министр Улан Ниязбеков өрт эртең мененки саат 08:23тө […]