play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

Month: Сентябрь 2026

23 Results / Page 1 of 3

RU

КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

Бүгүн өлкөдө 60 өнөр жай ишканасы ачылды.Президент Садыр Жапаров Талас облусундагы төө буурчакты сатып алуу, кайра иштетүү жана экспорттоо заводунун ачылыш аземинде алардын ишке берилишине онлайн режиминде старт берди.Белгилей кетсек, өлкөнүн Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата күн мурун, 11-сентябрда жалпысынан 105 социалдык объект ачылган.   Бүгүн, 12-сентябрда Талас шаарынын борбордук аянтында Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналган майрамдык иш-чаранын алкагында чоң концерттик программа тартууланат.Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, концерттик программага кыргыз […]

today12.09.2026 13

Гости эфира

Avenir School жана Avenir College

Бүгүн «Билим берүү лигасы» долбоорунун алкагында Avenir School жана Avenir College жетекчилери Кеңешбеков Нурсултан жана Жоомарт Жолдошбай уулу «Авторадионун» түз эфиринде конокто болушту. Маектин жүрүшүндө мектеп жана колледждеги окуу шарттары, билим берүү программалары, заманбап технологияларга басым жасалган багыттар жана окуучулар менен студенттер үчүн түзүлгөн мүмкүнчүлүктөр тууралуу сөз болду. Ошондой эле Avenirде билим берүүгө болгон заманбап мамиле, балдардын жөндөмүн өнүктүрүү жана келечектеги кесипке даярдоо маселелери талкууланды. 🎙️ Эфирдин толук жаздыруусун төмөнкү […]

today12.09.2026 4

RU

КҮНДҮН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 12-сентябрда, “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплексинин ачылышына катышты.Иш-чара улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун кичи мекени - Талас облусунун Айтматов районундагы Шекер айылында өттү.   Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата Баткен облусунда төрт жаңы өнөр жай объектиси пайдаланууга берилди.Алардын арасында мөмө-жемиштерди кайра иштетүүчү, кургак курулуш аралашмасын өндүрүүчү, шагыл майдалоочу цехтер жана тоо-кен ишканасы бар. Жаңы объекттер аймактын экономикалык потенциалын жогорулатууга багытталган.   Бүгүн, 12-сентябрда Талас шаарынын […]

today12.09.2026 9

KG

КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

Талас шаарында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өлкөнүн Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган масштабдуу майрамдык иш-чаралар өттү.Салтанат кыргыз элинин тарыхын чагылдырган улуу театралдаштырылган көрсөтүү менен башталды. Андан соң мамлекет башчысы сөз сүйлөп, өлкөнүн өнүгүү жолундагы стратегиялык максаттарга токтолду. Президент Садыр Жапаров өз сөзүнүн соңунда чоң жаңылыкты жарыялап, Эгемендүүлүк күнүнүн кийинки 36 жылдыгы Нарын облусунда белгиленерин билдирди. Майрамдык кече кыргыз жана дүйнөлүк эстрада жылдыздарынын концерти менен уланды.     Ушул жылдын 1-декабрында «Жыргалаң» […]

today12.09.2026 16

play_arrow

RU

КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

                Бүгүн, 11-сентябрда Талас шаарынын башкы аянтында өлкөнүн Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата уюштурулган чоң майрамдык концерт башталды.Салтанаттуу кечеге президент Садыр Жапаров жубайы Айгүл Жапарова менен бирге катышууда. Алдын ала маалыматтар боюнча, чет өлкөлүк жана ата мекендик жылдыздар өнөр тартуулаган бул концертти көрүү үчүн аянтка 40 миңге жакын адам чогулду. Коопсуздукту камсыз кылуу жана элдин өтө көптүгүнө байланыштуу аянтка көрүүчүлөрдү киргизүүу бактылуу чектөөлөр менен […]

today11.09.2026 10

play_arrow

KG

КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

                 Президент Садыр Жапаров Талас шаарынын борбордук аянтында өткөн мамлекеттик тууну көтөрүү салтанатына катышты.Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналган иш-чарада Улуттук гвардиянын кол башчысы рапорт берип, гимндин коштоосунда туу көтөрүлдү. Мамлекет башчысы өз сөзүндө элди биримдикке чакырып, өткөн тарыхтан сабак алуу менен жаңы Кыргызстанды куруу жолунда иш туура багытта баратканын баса белгиледи. Ошондой эле өлкөнүн башкы максаты — билимдүү жаштарды көбөйтүү жана өнүккөн мамлекетти түптөө […]

today11.09.2026 7

play_arrow

RU

КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

  Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата өлкө боюнча 165 социалдык жана өндүрүштүк объект ишке кирет.Президенттин Талас облусундагы өкүлү Эрмат Жумаев билдиргендей, ачыла турган имараттардын 105и социалдык объект, ал эми 60ы өндүрүштүк ишкана болуп саналат. Салтанаттуу иш-чарага президент Садыр Жапаров катышып, өлкө аймагындагы бир катар объекттерди түз байланыш аркылуу онлайн форматта ишке киргизет.     «Бала ырысы» ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөк пулунун кезектеги төлөмүнө 285 миллион сомдон ашык каражат бөлүндү.Эмгек […]

today11.09.2026 14

play_arrow

KG

КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

  Ысык-Көлдүн Жууку капчыгайынан түрк дооруна таандык жаңы таш айкел табылды.«Улуу Алтай» илимий борборунан билдиришкендей, байыркы балбал ташты Кыргыз улуттук жана Алтай мамлекеттик университеттеринин окумуштуулары биргелешкен экспедиция учурунда табышкан. Адистер эстеликти заманбап санариптик технология менен каттоого алышты. Археологдор айкел бузулуп же жоголуп кетпеши үчүн аны тез арада Оргочор айылындагы музейге көчүрүүнү сунуштап жатышат.   Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театры өзүнүн элүү бешинчи сезондук ачылышын өткөрөт.Театрдын жетекчилигинен билдиришкендей, жаңы […]

today11.09.2026 11

play_arrow

RU

КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

                   Президент Садыр Жапаров өлкөнүн Көз карандысыздык күнүнө карата мамлекеттик сыйлыктарды жана ардактуу наамдарды ыйгаруу тууралуу жарлыкка кол койду.Мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдиргендей, сыйлыктар Кыргызстандын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкон, ошондой эле өз кесибинде чоң жетишкендиктерге жетишкен жарандарга берилет.           Кыргызстанда түрк дооруна таандык таш айкелдердин санариптик маалымат базасы жана 3D моделдери түзүлүүдө.«Улуу […]

today10.09.2026 24

0%