play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

Month: Сентябрь 2026

51 Results / Page 3 of 6

play_arrow

RU

КҮНДҮН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

Кыргызстанда медициналык кызматтарды санариптештирүү жана кагаз маалымкаттардан баш тартуу иштери жигердүү жүрүүдө.Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, министрдин орун басары Нурбек Букуев Бишкек шаарындагы үй-бүлөлүк медицина борборлорунда санариптештирүү долбоорлорунун ишке ашырылышын жеринен текшерди. Учурда «Өкмөттүк акселераторлор» программасынын алкагында айдоочулук күбөлүк алуу үчүн маалымкат , аскердик-медициналык комиссиянын документтери, бала бакча менен мектепке керектүү кагаздар жана санитардык китепчелер электрондук форматка өткөрүлүүдө. «Sanarip Clinic» жана «Түндүк» тутумдары аркылуу жарандар бул кызматтарды кезекке турбай, онлайн ала […]

today18.09.2026 100

play_arrow
47

KG

КҮНДҮН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

Улуттук тарых музейинде маданият министринин орун басары Айбек Дайырбеков менен АКШнын Монтана штатынын Улуттук гвардиясынын делегациясы жолугушту.Министрликтен билдиришкендей, генерал Т. Гибсон баштаган делегация менен болгон сүйлөшүүдө жаштар саясаты, маданият, спорт жана кино тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды. Тараптар эки өлкөнүн жаштарынын ортосундагы тажрыйба алмашууну күчөтүүнү макулдашышты. Мындан тышкары, жакынкы аралыкта Кыргызстанда Монтана штатынын, ал эми АКШда Кыргызстандын Маданият жана кино күндөрүн өткөрүү мүмкүнчүлүктөрү каралды.     Билим берүү жана илим […]

today18.09.2026 67 47

play_arrow

RU

КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

  Президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жаңы мектептин ачылыш аземи өттү.Мамлекеттик курулуш агенттигинен билдиришкендей, Кара-Булак айылындагы А. Молдоисаев атындагы №59 мектеп өлкөнүн Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата пайдаланууга берилген 105 социалдык объекттин катарына кирди. Республикалык бюджеттин эсебинен курулган эки кабаттуу заманбап имараттын жалпы аянты 1 281 чарчы метрди түзөт. Мектепте окуучулардын сапаттуу билим алуусу жана ыңгайлуулугу үчүн бардык зарыл шарттар каралган.     Нарын шаарынын борбордук Ленин […]

today17.09.2026 85

play_arrow

KG

КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

Бүгүн, Бишкектин айрым аймактарында таза суу убактылуу өчүрүлөт.Мэриянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, саат 09:00дөн 19:00гө чейин эски аэропорттун аймагында, Чыңгыз Айтматов проспектисинде, Токтоналиев жана Төлөмүш Океев көчөлөрүндө суу болбойт. Бул чектөө «Аэропорт» суу топтомосундагы пландык оңдоп-түзөө жана профилактикалык иштерге байланыштуу киргизилүүдө. Шаар бийлиги аталган даректердин тургундарын ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну өтүнөт.     17-сентябрда Бишкектин Чүй проспектиси жана Акылбеков көчөсүндөгү бир катар үйлөрдө ысык суу убактылуу өчүрүлөт.«Бишкек жылуулук […]

today17.09.2026 76

play_arrow
4

RU

КҮНДҮН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

    Президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда Ысык-Көл облусунун Ала-Баш айылындагы жаңы мектептин ачылыш аземи өттү.Мамлекеттик курулуш агенттигинен билдиришкендей, билим берүү мекемеси өлкөнүн Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата пайдаланууга берилди. Эки кабаттуу жаңы мектеп 225 орунга ылайыкталган, ал эми эки нөөмөт менен окуу курамында 500гө жакын окуучуга ылайыкталган. Имаратта башталгыч жана жогорку класстардын окуучулары үчүн заманбап билим алууга бардык зарыл шарттар түзүлдү.     Баткен облусунун Айдаркен шаарында курулуп жаткан кыш […]

today16.09.2026 39 4

play_arrow
7

KG

КҮНДҮН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

  Президент Садыр Жапаров расмий сапар менен Корея Республикасына барды.Сеул шаарынын аэропортунан мамлекет башчысын Кореянын биринчи вице-министри Ким Хан Сын жана башка расмий адамдар тосуп алышты. Сапардын алкагында Садыр Жапаров Кореянын жогорку жетекчилиги менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрүп, тарыхта биринчи жолу уюштурулуп жаткан «Борбор Азия — Корея» саммитине жана атайын бизнес-форумга катышат. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты бекемдеген маанилүү документтерге кол коюу пландалууда.   Бишкекте транспорт тармагы үчүн адистерди […]

today16.09.2026 24 7

play_arrow

RU

КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

  Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган майрамдык иш-чараларды 200дөн ашуун энергетик үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздашты.Энергетика министрлигинен билдиришкендей, майрам күндөрү адистер күчөтүлгөн жана күнү-түнү иш режиминде кызмат өтөштү. Алар электр тармактарынын техникалык абалын текшерип, резервдик электр булактарынын даярдыгын камсыз кылышкан. Ошондой эле күтүлбөгөн кырдаалдар жаралган учурда ыкчам чара көрүү үчүн атайын ыкчам нөөмөт бригадалары тынымсыз нөөмөттө турушту.     Чыныгы көркөм адабиятты интернеттен эмес, «Ала-Тоо» журналынан табууга болот. Бул тууралуу […]

today15.09.2026 21

play_arrow

KG

КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

  Кыргызстанда ушул айдын башына карата «Бала ырысы» жөлөк пулу 232 миңден ашык балага берилди .Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, наристелердин банктык эсептерине 285 миллион сомдон ашык каражат которулду .Учурда айрым банктардагы миңден ашык эсепте каражаттардын чагылдырылбай калышы боюнча тактоо иштери жүрүүдө. Мунун себеби картанын мөөнөтү бүткөнүнө же жеке маалыматтарды жаңыртуу зарылдыгына байланыштуу болушу мүмкүн. Министрлик ар бир жаран төлөмдү толук аларын билдирди.     Борбор калаада көмүрдүн […]

today15.09.2026 19

play_arrow

RU

КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

  Бишкек шаарында Улуттук шахмат академиясы ачылды.Анын ачылыш аземине Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышып, шахмат тактасында биринчи жүрүштү жасоо менен уюмдун ишине расмий старт берди. Бул академия эл аралык деңгээлдеги спортчуларды даярдоого жана таланттуу жаштарды колдоого багытталган. Өкмөт башчысы учурда өлкөнүн 500 мектебинде «Мектептердеги шахмат» долбоору пилоттук негизде ишке ашырылып жатканын жана жаңы борбор спорттун бул түрүн өнүктүрүүдө маанилүү орунга ээ болорун белгиледи.     Бишкектеги соода борборлорунун биринде […]

today14.09.2026 47

0%