КҮНДҮН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ
Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоону өткөрүүгө толук даяр. Бул тууралуу Novosti.kgге Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Тимур Оторбаев билдирди. “Кыргызстанда 2,5 миңден ашык шайлоо тилкеси бар. Ошол участоктордо биз окутууларды жүргүзүп жатабыз. Андан тышкары, техникалык жабдууларды тестирлөөдөн өткөрүп жатабыз”. Кыргызстанда кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт. Президенттик шайлоого катышуу ниетин билдиргендерден арыздарды кабыл алуу бүгүн, түнкү саат 11:59да аяктайт. Бишкекте жыл аягына чейин жаңы маданий борбор пайдаланууга берилет. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Имаратта алты кинозал, 400 орундуу концерттик зал, музыкалык […]