Күндүн жаңылыктары
25-сентябрда Кыргызстандан мал экспорттоо кайра жанданат. Айыл чарба министрлиги эске салгандай, буга чейин өлкө ичинде малды экспорттоо жана ташуу үчүн ветеринардык коштоочу документтерди берүү убактылуу токтотулган. Бул айыл чарба жаныбарларын идентификациялоо жана көзөмөлдөө системасын жаңылоого байланыштуу болгон. Мындай иштер жыл сайын жүргүзүлөт. Бардык иштер бүткөндөн кийин экспорт кайра жанданып, ишкерлер мурдагыдай иштөөнү уланта алышат. Бишкекте №9 Балдар искусство мектеби ачылды. Мэриянын маалыматына ылайык, мектепте фортепианодо, аккордеондо, баянда, комузда, скрипкада,элдик […]