- Кыргызстанда орточо айлык акы 55 миң 525 сомду түздү. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, бул көрсөткүч быйыл январь-сентябрь айларында катталган. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда айлык акы 29,5 пайызга өскөн. Эң чоң өсүш искусство, саламаттыкты сактоо, билим берүү, илим, айыл чарба, кен казуу, транспорт жана курулуш тармактарында байкалган.
- Кыргызстан туристтер үчүн дүйнөдөгү коопсуз өлкөлөрдүн рейтингинде 65-орунду ээледи. Рейтингде коомдук коопсуздук, туруктуулук жана тынч кырдаал эске алынган. Борбор Азия өлкөлөрүнүн арасында Казакстан 44-орунда, Түркмөнстан 57, Кыргызстан 65, Тажикстан 73-орунда турат. Өзбекстан 270-орунду ээледи. Рейтингдин башында Сингапур, акыркы орунда Гаити турат.
- Сары-Челек биосфералык коругунда туристтерди ташуу үчүн электробустардын каттамы уюштурулат. Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик билдиргендей, аймакта атайын борбор да курулат. Анда коворкинг, кофейня, дүкөн, кир жуучу жай жана мейманкана бөлмөлөрү каралат. Ошондой эле көлдүн аймагына жеке автоунаалардын кирүүсүн чектөө пландалууда.
Автор: Диана Дуйшоналиева