play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

KG

КҮНДҮН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

today24.11.2026 14

Background
share close
  • cover play_arrow

    КҮНДҮН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Диана Дуйшоналиева

  • Президент Садыр Жапаров мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди, мугалимдерди жана дарыгерлерди алдыдагы президенттик шайлоодо кайсы бир талапкер үчүн үгүт иштерин жүргүзбөөгө чакырды. Мамлекет башчы бул саясий өнөктүктө мурдагы бийликтердин каталарын кайталабоо керектигин белгилеп, мамлекеттик кызматкерлердин шайлоо процессиндеги бейтараптуулугу маанилүү экенин айтты. Эске салсак, Кыргызстанда президенттикке талапкерлер шайлоо алдындагы үгүт иштерин 23-декабрдан тартып баштайт.

 

  • Бишкекте 26-ноябрда жаштар үчүн бош жумуш орундарынын жана кесиптердин жарманкеси өтөт. Анда 40тан ашык иш берүүчү 4 миңден ашык бош жумуш ордун сунуштай турганын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди. Иш-чара Кыргызстандын Эл аралык университетинде саат 10до башталат. Мындан тышкары, мектеп окуучулары үчүн кесипке багыт берүүчү тесттер, оюндар жана университет боюнча экскурсия уюштурулат.

 

  • Кыргызстанда 16 жашка чыга электерге электр чыгырыктарын тебүүгө тыюу салуу сунушталды. Демилге Жогорку Кеңештин жыйынында көтөрүлдү. Мыйзам долбоору биринчи окууда каралды. Мындай чектөө соңку жылдары электр чыгырыктары жөө жүргүнчүлөрдү коюп кеткен учурлар көбөйгөнү себеп болуп жатканы менен шартталды. Талап бузулган учурда жеке жактарга 20 миң сом, юридикалык жактарга 55 миң сом айып салуу каралган.

Автор: Диана Дуйшоналиева


0%